Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Ысык-Көлдүн жээгине уруксат кагаздары жок мыйзамсыз курулган тосмо буздурулат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Тамчы айылы аймагындагы American School балдар лагеринин жанынан аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран У.Э.Д. көл жээгине таш жана цемент колдонуп, тиешелүү долбоордук документтерсиз жана уруксат кагаздары жок тосмо курганы белгилүү болгон. Министрликтин маалыматына караганда, бул аракет “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузат.
Аталган факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузуу фактысын жоюу боюнча эскертүү берилди. Күнөөлүү тарап курулган тосмону өз ыктыяры менен бузуп берерин билдирген.
Министрлик жарандарды курулуш иштерин жүргүзүүдө санитардык нормаларды жана шаар куруу талаптарын так сактоого чакырды.