Ысык-Көлдө 250 км/саат ылдамдыктагы F1H2O жарышы башталат

1-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 220

Бүгүн, 1-августта, Ысык-Көлдө Борбор Азия тарыхында алгачкы жолу суу-мотор спорту боюнча эң абройлуу мелдештердин бири — F1H2O дүйнө чемпионатынын негизги жарыштары өтөт.

Жарыштын алдында, 31-июлда, пилоттор алгачкы машыгууларын өткөрүп, трассаны сыноодон өткөрүп, техникаларын жарышка даярдашты.

Быйылкы чемпионатка Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШдан келген 8 команда, 18 пилот катышууда.

Спорттук таймаштардан кийин кечинде көрүүчүлөр үчүн эл аралык жана орусиялык эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерттик программа уюштурулат.

F1H2O дүйнө чемпионатынын Ысык-Көлдө өтүшү Кыргызстандын эл аралык спорттук иш-чараларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт.

1-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 220
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X