Ысык-Көлдө 275 орундуу жаңы мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат.
Э. Гапаров атындагы билим берүү мекемесинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер 2024-жылдын октябрь айында башталган. Долбоордун жалпы баасы 102 миллион сомду түзөт.
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп курулуп, окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Имаратта лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал жайгашат.
Мектептин жалпы аянты 1 миң 596 чарчы метрди түзөт. Учурда объектте терезелер толук орнотулуп, ички жана тышкы курулуш-монтаждоо иштери улантылууда.
Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.