Ысык-Көлдө 3 баллдык жер титирөө катталды
Бүгүн, 5-августта эртең менен саат 07:05те Ысык-Көл облусунда 3 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эңилчек айылынан 9 чакырым батышта, Каракол шаарынан 68 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирүүнүн күчү Эңилчек айылында 2,5 балл, ал эми Кургак айылында 2 баллга чейин сезилген. Учурда кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.