Ысык-Көлдө 30-июлдан 1-августка чейин жол маал-маалы менен жабылып турат

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов Facebook баракчасы аркылуу Ысык-Көл районунун тургундарына жана көлгө келе турган эс алуучуларга кайрылуу жасады.

«Алдыда, 30-июлдан 1-августка чейин, “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы. Буга ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүп жатканы себеп болууда.

Мындан тышкары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия – Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө белгиленген.

Ушуга байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн экенин эске алып, алдын ала кечирим сурайбыз. Өлкөбүздүн тышкы байланыштарын бекемдөө багытындагы иш-аракеттерди түшүнүү менен кабыл алып, жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга сабырдуулук менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз», – деп жазды ал.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X