Ысык-Көлдө 30 миң доллар опузалап талап кылган эки адам кармалды

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158

Ысык-Көл районунда жарандан 30 миң АКШ долларын опузалап талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга айрым адамдардын алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан акча опузалап талап кылып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр Ананьево айылынын аймагындагы 10 гектар жер тилкесин конкурс аркылуу пайдаланууга мыйзамдуу түрдө жеңип алган жарандан акча талап кылганы аныкталган.

Тергөөдө белгилүү болгондой, алар токой чарбасы тарабынан тиешелүү келишимди атайылап түзбөй, жеке кызыкчылыктарын көздөп, жер тилкесин пайдаланууга тоскоолдук жаратышкан. Ошондой эле жабырлануучудан бул маселени чечип берүү үчүн 30 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте акча талап кылып жаткан жеринен 1979-жылы туулган, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Ысык-Көл райондук токой чарбасынын токой чарба инженери Т.Б. жана 1969-жылы туулган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К.Д. кармашкан.

Кармоо учурунда шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен аларга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.Нет описания фото.

Белгилей кетсек, Ананьево айылынын аймагындагы 10 гектар жер тилкесин пайдаланууга берүү боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген тартиптин негизинде уюштурулган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X