Ысык-Көлдө 8 миңден ашуун суур катталды
Ысык-Көл облусунун аймагында суурлардын санын эсепке алуу иштери аяктап, жыйынтыгында жалпы 8 257 баш суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, санак иштери министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Анын алкагында адистер белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолорун өткөрүп, суурлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтарды топтошту.
Белгиленгендей, эсепке алуу иштери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругу менен бекитилген жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлдү.