Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери үчүн жаңы ден соолукту чыңдоо корпусу ачылды
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги билим берүү жана илим кызматкерлеринин «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда жаңы заманбап корпус пайдаланууга берилди.
Долбоор Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан ишке ашырылды. Бул соңку 30 жыл ичинде кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн эсебинен курулган алгачкы заманбап ден соолукту чыңдоо корпусу болуп саналат.
Ачылыш аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова, Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, тармактык кесиптик бирликтин төрагасы Саламат Боёнов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жаңы үч кабаттуу корпус 55 орунга ылайыкталган. Ошондой эле конференц-зал, банкеттик зал, суу алуучу скважина жана тазалоочу курулмалар курулуп, борбордун жалпы сыйымдуулугу 140 орунга жетти.
Курулуш иштерине жалпысынан 63 миллион сом жумшалган.
Жаңы объект билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.