Ысык-Көлдө бир ай ичинде өткөрүлгөн рейддердин жыйынтыгында 929 миң сом айып пул салынды

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 155

Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча бир айлык рейддик иш-чаранын жыйынтыгында 78 административдик протокол түзүлүп, жалпы 929 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Рейддер 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейинки аралыкта өткөрүлүп, жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатын көздөгөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу фактылары катталган.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаардык экологиялык прокуратурасы менен биргеликте аталган багытта рейддик иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келерин билдирди.

Мекеме жарандарды жана ишкердик субъекттерди жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана экологиялык коопсуздукка зыян келтирүүчү аракеттерге жол бербөөгө чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X