Ысык-Көлдө биринчи жолу Борбор Азиянын парус спорту боюнча чемпионаты старт алды

16-май, 2026-ж. / Редакция / Спорт 394

Ысык-Көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын парус спорту боюнча чемпионатынын салтанаттуу ачылышы өттү. Эл аралык мелдеш “Круиз” яхта-клубунун базасында уюштурулуп, 16-21-май күндөрү өткөрүлөт.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышууда. Алар бир нече күн бою көл үстүндө күч сынашып, мыкты парусчуларды аныкташат.

Ачылыш аземинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов мындай эл аралык спорттук иш-чаралар аймактагы туризмди өнүктүрүүгө, жаштарды спортко тартууга жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.

Чемпионатты Кыргыз Республикасынын Парус спорту федерациясы Азиянын парус спорту федерациясы жана Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте уюштурууда.

Ысык-Көлдө өтүп жаткан бул мелдеш аймактагы парус спортунун өнүгүшүнө жаңы дем берип, чет элдик коноктордун кызыгуусун дагы арттырары күтүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X