Ысык-Көлдө «Доор өзгөрткөн билим» форуму өттү
4-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында «Доор өзгөрткөн билим» аталышындагы ата-энелер форуму болуп өттү. Иш-чара «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алгачкы окуу жылындагы жыйынтыктарын талкуулоого жана реформанын кийинки баскычтары тууралуу маалымат берүүгө багытталды.
Форумдун негизги максаты облустун жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашырылып жаткан өзгөрүүлөрдү ата-энелер жана коомчулук менен кеңири талкуулоо, ошондой эле билим берүү тармагындагы жаңылануулар боюнча ачык диалог түзүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, педагогдор, ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү, жеке менчик мектептердин өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Форумдун жүрүшүндө министр «Алтын казык» программасынын алкагында жетишилген жыйынтыктар боюнча баяндама жасап, реформанын жүрүшү жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ата-энелер үчүн суроо-жооп аянтчасы уюштурулуп, адистер билим берүү маселелерине байланышкан суроолорго жооп беришти.
Иш-чара мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташтыгын күчөтүүгө, ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатууга жана билим берүү тармагындагы реформалар боюнча ачык пикир алмашууга өбөлгө түздү.
Белгилей кетсек, мындай форумдар буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунда да өткөрүлгөн.