Ысык-Көлдө экологиялык рейд жүрүп, 14 теплоход текшерилип, мыйзам бузгандарга айып пул салынды
Чолпон-Ата жана Бостери аймактарында атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 14 теплоход текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган 4 жаран аныкталып, ар бирине 7 миң 500 сомдон административдик айып пул салынды. Жалпы өндүрүлгөн айып пулдун көлөмү 30 миң сомду түздү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз уланып, мыйзам талаптарынын сакталышы көзөмөлгө алынарын билдирди.