Ысык-Көлдө эл аралык шахмат турнири өтүүдө

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында 1-июлда шахмат боюнча өспүрүмдөр арасындагы Борбордук жана Түндүк Азиянын алгачкы чемпионаты салтанаттуу түрдө башталды.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышып, жаш шахматчыларга ийгилик каалады. Ал бул мелдеш Борбордук жана Түндүк Азия өлкөлөрүнүн күчтүү оюнчуларын бириктирип, тажрыйба алмашуу жана чеберчиликти жогорулатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркмөнстан жана Тажикстандан келген 8 жаштан 20 жашка чейинки 500дөн ашуун жаш шахматчы катышууда. Алардын арасында эл аралык мастерлер, FIDE мастерлери, ошондой эле дүйнө, Азия жана аймактык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү да бар.

Мелдештер 9-июлга чейин уланат.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X