Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү
Жайкы туристтик сезондун кызуу мезгилине байланыштуу Ысык-Көл облусунун ички иштер органдары жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле сууда кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.
Көл жээгинде өтүп жаткан рейддик жана түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери эс алуучулар менен жолугушуп, сууда коопсуздук эрежелерин так сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришүүдө.
Профилактикалык иштердин жүрүшүндө жарандарга сууга түшүүдө этият болуу, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, мас абалында сууга кирбөө, ошондой эле кооптуу жана тыюу салынган аймактарда сүзбөө боюнча эскертүүлөр айтылууда.
Мындан тышкары, кызматкерлер эс алуучуларга өз өмүрүнө жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуунун зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган маалыматтык баракчаларды таратууда.
Ысык-Көл РИИБ тарабынан мындай алдын алуу иш-чаралары жайкы туристтик сезон аяктаганга чейин үзгүлтүксүз улантылары маалымдалды.