Ысык-Көлдө илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлардын изи байкалды
Ысык-Көл облусунун Жетим-Бел кырка тоосундагы Сөөк ашуусунда жана “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркында 2025-жылдын октябрь айында орнотулган фототузактарга илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик жана каман сыяктуу жапайы жаныбарлар түшкөнү аныкталды.
Маалыматка ылайык, орнотулган фототузактар 22–28-июнь күндөрү “Мониторинг” бөлүмүнүн жана “Каракол” жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан текшерилип, алынган.
Учурда фототузактардан алынган фото-материалдар талданып, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы боюнча так маалыматтарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Фототузактарды колдонуу жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүүнүн маанилүү ыкмасы болуп саналат. Бул ыкма сейрек кездешүүчү түрлөрдү, анын ичинде илбирсти изилдөөгө жана жаратылышты коргоо иш-чараларын натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.





