Ысык-Көлдө кара түтүн чыгарган «Дария» теплоходуна 23 миң сом айып пул салынды
2026-жылдын 12-июлунда социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходу тууралуу видео тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жарыяланган видеоматериал изилденип, анын жыйынтыгында «Дария» теплоходун эксплуатациялоо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын көлөмү белгиленген ченемдерден ашкандыгынын белгилери аныкталганы маалымдалды.
Министрликтин маалыматына ылайык, теплоходду мыйзам талаптарын бузуу менен пайдалануу фактысы тастыкталып, жооптуу тарапка Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлдү. Анын негизинде 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле теплоходдун ээси (өкүлү) менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Учурда теплоходго жеринде жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы белгиленген ченемдерден ашкандыгы аныкталбаганы белгиленди.