Ысык-Көлдө кылмыштуу активдерди кайтаруу жана киберкылмыштуулук боюнча сүйлөшүүлөр өттү

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратураларынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга карата кызматташуу программасынын алкагында «Кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага эки өлкөнүн прокуратура органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткаруу бюросунун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Сот аткаруу кызматынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыш жолу менен алынган активдерди кайтаруу, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мажбурлап аткаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана кесиптик кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тегерек стол кылмыштуулукка каршы күрөштө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X