Ысык-Көлдө Махмуд Кашгаринин мурасына арналган жаңы экспозиция ачылды

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 89

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында түрк дүйнөсүнүн баалуу мурастарынын бири — Махмуд Кашгаринин «Диван-Лугат-Ат-Түрк» эмгегине арналган туруктуу экспозиция өз эшигин ачты.

Ачылыш аземи 30-сентябрда Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем, ТИКАнын президенти Абдуллах Эрен, Түрк дүйнөсү жана мурасы фондунун Башкармалыгынын төрагасы Ибрахим Жан Авджы, ошондой эле расмий өкүлдөр жана музей адистери катышты.Возможно, это изображение текст

Иш-чарада Союзбек Надырбеков Махмуд Кашгаринин тарыхый инсан катары ордун жана анын «Диван-Лугат-Ат-Түрк» эмгегинин кыргыз элинин жана жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий мурасындагы маанисин белгиледи.

Экспозициянын дал ушул Ысык-Көлдө ачылышынын өзгөчө символдук мааниси бар. Махмуд Кашгари тарыхый Барскан шаарында, азыркы Барскоон аймагында төрөлгөн. XI кылымда жазылган «Диван-Лугат-Ат-Түрк» эмгеги түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, каада-салты жана маданияты тууралуу баалуу маалыматтарды камтыйт.

Жаңы экспозицияда тарых менен заманбап технология айкалышты. Келүүчүлөр Махмуд Кашгаринин мурасы, анын дүйнөгө белгилүү картасы, Карахандар дооруна таандык археологиялык табылгалар жана мультимедиалык технологиялар менен бирдиктүү музейдик мейкиндикте тааныша алышат.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Долбоорду ишке ашырууга Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА), Түрк маданияты жана мурасы фонду, музей адистери жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору биргелешип салым кошту.

Ачылыш аземинин соңунда коноктор жаңы туруктуу экспозицияны жана борбордун жаңыланган музейдик мейкиндигин аралап, Махмуд Кашгаринин мурасына арналган экспонаттар менен жакындан таанышты.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X