Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып, жээк таштандылардан тазаланды
Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн жээгинен мыйзамсыз орнотулган жалпы узундугу 300 метр болгон кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык балык уулоочу тор алынып, жээк тилкесинен 30 килограмм тиричилик калдыгы тазаланды.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында балык уулоо эрежелерин сактоо, тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонбоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик жарандарды айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, суу ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарууга чакырды.