Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүүдө

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жана Тоң районунда мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Чоң-Өрүктү айылынан 800 метр, Тоң районунан 400 метр тор алынды.
Мындан тышкары, көлдөн 20 килограмм таштанды чыгарылды.
Рейддер суу объектилеринин экологиялык абалын сактоо, балык ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында жүргүзүлүүдө
28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X