Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуштар боюнча кылмыш иши козголду
Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик жайларда экологиялык мыйзамдардын бузулганын аныктады.
Маалыматка ылайык, жооптуу кызмат адамдары тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасында курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз уруксат беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Ошондой эле тазалоочу курулмалардын айланасында мыйзамсыз курулган 30 объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга прокурордук акт киргизилди.