Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорго каршы рейд: 300 метр “жибек жип” чыгарылды

16-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоочу торлорго каршы кезектеги рейд өткөрүлүп, көл түбүнөн 300 метрлик “жибек жип” тор чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү, Кичи-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Жаркынбаев, Ананьево, Семёновка, Кожояр, Григорьевка, Кашат жана Темировка айылдарынын жээктеринде жүргүзүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө көлдү мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган синтетикалык торлордон тазалоо иштери аткарылып, экологияга зыян келтирген калдыктар да чыгарылган.

Белгиленгендей, 2026-жылдын башынан тарта кызмат тарабынан көл түбүнөн жалпы 23 миң 400 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды алынган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөрүн белгилеп, Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте улантыларын билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X