Ысык-Көлдө өткөн UIM F1H2O дүйнө чемпионаты тынч жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталды

2-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Ысык-Көлдө өткөн «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты – Кыргызстандын гран-приси. Ысык-Көл-2026» эл аралык спорттук мелдешинде ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук коопсуздукту толук камсыздашты.Нет описания фото.

Милиция кызматкерлери мелдеш өткөн аймакта коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун жана суу үстүндөгү көзөмөлдү үзгүлтүксүз камсыздап турушту. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү адистер тарабынан Ысык-Көлдүн суусунан үзгүлтүксүз үлгүлөр алынып, лабораториялык анализге жөнөтүлдүВозможно, это изображение вертолет и текст

Жыйынтыгында эл аралык мелдеш учурунда одоно мыйзам бузуулар жана өзгөчө кырдаалдар катталган жок. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, тынч жана коопсуз шартта аяктады.

2-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X