Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык кайык жарышынын экологиялык коопсуздугу текшерилди

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 331

Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатынын алдында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча Ысык-Көлдө мындай эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (АЧТБ) милдеттүү эмес. Бирок коомчулуктун тынчсыздануусун эске алуу менен көз карандысыз экологиялык компаниялар жана эксперттер тарабынан кошумча текшерүүлөр уюштурулган.

«Мындан тышкары, өкмөттүк деңгээлде экологиялык баалоо жүргүзүлдү. Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жарышка чейин жана андан кийин изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле Ысык-Көл биосфералык коругу аркылуу ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар менен кат алышып, тиешелүү корутундулар алынды. Алардын жыйынтыгында суу үстүндөгү “Формула-1” жарышынын көлдүн экосистемасына жана суунун сапатына тийгизген таасири өтө аз экени тастыкталды», — деди Кубатов.

Ал ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык зонага кандайдыр бир терс таасир аныкталса, жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын белгиледи.

Эске салсак, жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Туризм департаменти бул иш-чара Кыргызстандын эл аралык туристтик жана инвестициялык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилөөдө.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда жана коомчулук арасында жарыштын экологиялык кесепеттери тууралуу тынчсыздануулар айтылып, айрым жарандар иш-чараны өткөрүүгө каршы пикирлерин билдиришүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X