Ысык-Көлдө сел. Жолдор менен коттедждерди суу алып кетти
Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунда катуу жааган жамгырдын кесепеттерин чагылдырган видеолор кеңири тарап жатат.
Кадрларда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, сел суулары жолдорду, коттедждерди жана алардын айланасындагы аймактарды каптаганы көрүнөт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, табигый кырсыктын кесепеттерин тиешелүү кызматтар тактап жатат. Учурда жабыркагандар жана келтирилген материалдык чыгым боюнча расмий маалыматтар такталууда.