Ысык-Көлдө селден дайынсыз болгон баланын сөөгү табылды

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 2011-жылы туулган Т.А. аттуу баланын жансыз денеси табылды.

Маалыматка ылайык, издөө иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тарабынан жеке көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтардын катышуусунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген.

Куткаруучулар баланын сөөгүн бүгүн саат 03:00 чамасында сел калдыктарынын арасынан табышкан. Андан соң маркумдун сөөгү тиешелүү процессуалдык иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча бардык зарыл болгон иш-чаралар мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X