Ысык-Көлдө туристтик сезондогу санитардык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жайкы туристтик сезондо тамак-аш коопсуздугун жана санитардык-экологиялык талаптарды камсыз кылуу максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Адистер тарабынан Кара-Ой жана Сары-Ой айылдарындагы пляждардын санитардык абалы текшерилип, эс алуучуларга кызмат көрсөтүүчү, тамак-аш даярдоо жана соода-сатык менен алектенген ишкерлерге санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Өрнөк айылындагы эки айылдык пляждын аймагындагы боз үй шаарчаларында да санитардык талаптарды сактоо, тамак-аш азыктарын туура даярдоо жана сактоо боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Мындай иш-чаралар жайкы эс алуу мезгилинде калктын жана туристтердин ден соолугун коргоо, коопсуз жана жагымдуу эс алуу шарттарын түзүү максатында улантылат.