Ысык-Көлдө жаандан улам унаа жолдун бир бөлүгүн суу жууп кетти

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144

22-июлга караган түнү саат 03:50 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 207–208-чакырымдарынын аралыгында, Конкино айылынын тушунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен суу жолду каптап, болжол менен 10 метр тилкесин жууп кеткен.

Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, кол каражаттарынын жардамы менен жолду убактылуу ачты.

Учурда унаалар кезек менен өткөрүлүүдө. Жолду толук калыбына келтирүү үчүн атайын техника тартылары маалымдалды. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X