Ысык-Көлдө жолдордун курулушу кандай жүрүп жатат? Министр текшерди
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ал Чолпон-Атадагы 15,64 чакырымдык айланма жолдун курулушу менен таанышты. Жол төрт тилкелүү болуп курулууда.

Ошондой эле министр Көчмөндөр оюндары өтө турган ат майдандагы даярдык иштерин көрдү.
Мындан тышкары, Түп–Кеген жолунун 0–39-чакырымындагы иштер текшерилди. Учурда жолго экинчи катмар асфальт төшөлүп, анын 14 чакырымы бүткөрүлдү.

Боз-Учук–Шахта–Жыргалаң жолунун 14,5 чакырымында жер жумуштары жүрүүдө. Эңилчекке баруучу жолдо негиз даярдалууда.
Министр курулуштун сапатын камсыз кылып, иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берди.