Ысык-Көлдө жолдорго түнкүсүн суу чачылып жатат

1-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 198

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга байланыштуу Чолпон-Ата шаарынан Тамчы айылына чейинки унаа жолдорунда түнкү убакта суу чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бул иштер чаңды басаңдатуу жана жол боюнун санитардык абалын жакшыртуу максатын көздөйт.

Жалпысынан 8 атайын техника тартылып, жолдорго үзгүлтүксүз суу чачылууда. Иштерди №7 Жол-эксплуатациялоо мекемеси атайын суу ташуучу техникалардын жардамы менен аткарууда.

Министрлик эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар учурунда жол инфраструктурасын талаптагыдай абалда кармоо боюнча иштер улантыларын белгиледи.

1-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 198
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X