Ысык-Көлдөгү мөңгүлөрдүн аянты акыркы 70–90 жылда 33,7%га кыскарды
Кыргызгидромет Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жаңыланган каталогун даярдап, алардын учурдагы абалы боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады.
Инвентаризация иштеринин жүрүшүндө мөңгүлөрдүн так чек аралары аныкталып, морфометриялык көрсөткүчтөрү жана негизги маалыматтары жаңыртылды. Изилдөөдө Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрү, QGIS геомаалыматтык системасы, Google Earth платформасы жана мурдагы мөңгү каталогдорунун маалыматтары пайдаланылды.
Адистердин маалыматына караганда, акыркы ондогон жылдар ичинде аймактагы айрым мөңгүлөр бөлүнүп, айрымдары жаңыдан пайда болсо, кээ бирлери толугу менен жоголгон.
Жаңыланган каталог Кыргызстандын криосферасын көзөмөлдөө системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маалымат булагы болуп, мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге мөңгүлөрдүн абалы боюнча так маалымат берет.
Салыштырмалуу талдоо Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 70–90 жыл аралыгында 33,7%га, ал эми акыркы 7–10 жылда дагы 23,1%га азайганын көрсөттү.
Бул көрсөткүчтөр климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен мөңгүлөрдүн эрип, деградация процесси күчөп жатканын көрсөтүүдө.