Ысык-Көлдөгү жаңы долбоорлор жана эл көтөргөн көйгөйлөр

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 78

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа берүү, ири долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышуу жана жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угуу менен коштолду. Мамлекет башчысы облустун бардык райондорун жана Каракол, Балыкчы шаарларын кыдырып, акыркы беш жылда аткарылган иштер, инвестициялык долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу маалымат алды. Муну менен катар эл менен түз баарлашып, көтөрүлгөн маселелер боюнча мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмаларды берди.

Өрөөндүн өнүгүү көрсөткүчтөрү   

Президенттин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аймактагы бир катар долбоорлордун ишке ашырылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча тиешелүү жетекчилер жеринде маалыматтарды беришти. Акыркы беш жылда Ысык-Көл облусунда өнөр жай, курулуш, жол жана социалдык инфраструктура багытында олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, Ысык-Көл районунда республикалык бюджеттен каржылоо 2021-жылдагы 142,5 млн сомдон 2026-жылдын он айында 1,8 млрд сомго жеткен. Жергиликтүү бюджеттин көлөмү да 226,9 млн сомдон 890,4 млн сомго чейин көбөйгөн. Мына ушул айтылган жылдар аралыгында 63 жаңы ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшү алты эсеге өсүп, 826,2 млн сомду түзгөн. Социалдык тармакта 6 мектеп, 9 бала бакча, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт курулуп, 7 спорт зал жана 13 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилген. Ошондой эле 7 ичүүчү суу долбоору ишке ашырылып, 220 чакырым жол асфальтталган. Ал эми Балыкчы шаарында 2025–2026-жылдарга инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 2,2 млрд сом каралып, 65 долбоорду ишке ашыруу пландалган. Анын ичинде 140 млн сомго муниципалдык балык базары курулуп бүткөн. “Жети дубан ордосу” паркынын курулушу 90 пайызга бүтүп, долбоорго 149,5 млн сом жумшалып жаткандыгы маалым. Мындан тышкары, 538 млн сомдук жаңы муниципалдык базар курулуп башталган. Ал 350дөн ашык соода ордун жана 200 унаа токтотуучу жайды камтыйт. Медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө 270 млн сом бөлүнүп, катетеризациялык лаборатория ишке берилгенден кийин 235 жаранга жүрөк стенттери орнотулган. Каракол шаарында да инвестициялык жана курулуш иштери жакшы жолдо жүргүзүлүп жатканы маалым. 2026-жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 млрд сомго жетип, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Шаарда 33 өндүрүш объектисин түзүү долбоорлору ишке ашырылып, алардын натыйжасында 1 155 жумуш орду түзүлгөн. Жаңы жолдорду курууга 2,075 млрд сом бөлүнүп, 61,8 чакырым жол курулган. Ошондой эле аэропорт модернизацияланып, 60 автобус сатып алынган.  Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Райондордо да, ири долбоорлор ишке ашырылган. Түптө “Күрмөнтү” цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу пландалса, Ак-Сууда тоо туризмин өнүктүрүүгө багытталган “Ала-Тоо Резорт” улуттук туристтик комплекси келечектүү долбоорлордун бири катары белгиленди. Жети-Өгүз районунда “Кумтөр” ишканасын кошкондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өскөн. Райондо 13 айылда 981 млн сомдук ичүүчү суу долбоорлору ишке ашырылган. Инфратүзүмдөр жакшыртылып, 81 көпүрө курулган. Тоң районунда болсо өнөр жай өндүрүшү беш жылда 5,1 эсеге көбөйүп, 691,1 млн сомго жеткен. Бул көрсөткүчтөр аймактын экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын таасын көрсөтүп турат. Бирок, башталган долбоорлорду өз мөөнөтүндө бүткөрүү, жаңы ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана түзүлгөн жумуш орундарынын туруктуу сакталышы алдыдагы негизги милдеттерден болуп саналарын эстен чыгарбашыбыз керек.

Ысык-Көлдүн потенциалын туура пайдалануу
Иш сапардын жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүү өзгөчө көңүл борборунда болду. Анткени, Ысык-Көл облусу өлкөнүн туристтик потенциалын аныктаган негизги аймактардын бири. Акыркы жылдары туристтердин санынын өсүшү менен катар эс алуу жайларына, жолдорго жана тейлөө инфраструктурасына болгон талап да, аларга артыкчылык берүү да күчөдү. Ошонун аркасынан уламбы, айтор туристердин келүүсү башка жылдарга салыштырмалуу жакшы эле көбөйгөн. Айталы, Ак-Суу районунда туристтердин саны акыркы беш жылда сегиз эседен ашык көбөйгөн. Тоң районунда 2021-жылы 5 200 турист келсе, 2026-жылы бул көрсөткүч 73 018 адамга жетип, 14 эсеге өскөн. Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен. Мына ушунун аркасында салыктык түшүүлөрдөн да өзгөрүүлөр байкалган. Мисалы, Тоң районунда туризмден түшкөн салык 2021-жылы 2,1 млн сом болсо, 2025-жылы 9,3 млн сомго ал эми 2026-жылдын тогуз айында эле 18,1 млн сомдук көрсөткүчкө жеткен. Бул деген тармактын улам жанданып, ийгиликтерге кол жеткирип бара жатканын ачык эле көрсөтүп турат. Келечектеги долбоорлордун катарында Чолпон-Ата шаарында 2,6 млрд сомдук тоо лыжа базасын куруу, Кес-Сенир аймагында аквапарк ачуу, Жети-Өгүз районунда “Сүттүү-Булак” тоо лыжа базасын өнүктүрүү жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү демилгелери бар экендиги, аймактын артыкчылыктарын дагы да жогорулатып, туристтик сезонду узартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга шарт түзөт.
Президенттин бул сапарынын жүрүшүндө экологиялык маселелер да көңүл сыртында калган жок. Жергиликтүү тургундар Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо, тазалоочу курулмаларды куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана жээк аймактарын иретке келтирүү боюнча сунуштарын айтышты. Маалыматтарга караганда, учурда Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Бостери жана Кара-Ой айылдарында тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүрүп жатат. Берметибиз болгон Ысык-Көлдө туристтик инфраструктураны өнүктүрүү менен катар көлдүн тазалыгын жана жаратылыш байлыктарын сактоо дагы стратегиялык мааниге ээ. Анткени, Ысык-Көлдүн негизги байлыгы анын таптаза, ажайып табияты. Туризмден түшкөн киреше канчалык көбөйбөсүн, экологиялык коопсуздук камсыздалбаса, бул тармактын узак мөөнөткө жашап, сакталып калышына коркунуч жаралышы мүмкүн. Андыктан, Президенттин бул аймакка өзгөчө тапшырмаларды берип, тиешелүү жумуштардын аткарылышын дыкат карап жатышы дагы ушундан улам.    Возможно, это изображение один или несколько человек, динамик, помост и текст

Элдин үнү жана Президенттин тапшырмалары
Мамлекет башчысынын иш сапарынын маанилүү бөлүгү жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуулар болду. Президент Ысык-Көл районунун Балыкчы шаарынын, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундарын көйгөйлөрүн жеринде укту. Жолугушууларда калк тарабынан көтөрүлгөн маселелер ар түрдүү, кала берсе басымдуу бөлүгү күнүмдүк жашоо шарттарына түздөн-түз байланыштуу болду. Тактап айтканда, темир жолдун бир бутагын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын тартуу, тоо ашууларындагы жолдорду жакшыртуу, ипотекалык турак жай берүү, жер жана мүлк талаштарын чечүү сыяктуу маселелер каз-катар айтылды. Ошону менен катар келген жарандардын айрымдары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттанууларын билдирип, турак жай алдамчылыгы, документтерди тариздөө, алимент өндүрүү жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылышты. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, балчыларды колдоо, спорттук
объектилерди куруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү инфраструктура түзүү өтүнүчтөрү да көтөрүлдү. Адаттагыдай эле өлкө башчысы тиешелүү суроолорду жетекчилердин ырастоолору жана тактоолору менен бирге жооп берип, дароо аларды мыйзам чегинде чечүү тапшырмаларын койду. Президент уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш мындан ары да күчөтүлөрүн баса белгилеп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди. Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу маселеге токтолуп, жаштардын кылмыштуу иштерге аралашуусуна жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы ата-энелерди балдардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бүгүнкү күндө студенттер жана жашы жете элек балдар “оңой акча” табуунун азгырыгына алданып, баңгизаттарды таратууга аралашып жатканын айтты. Ошондой эле мындай укук бузуулар видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен ыкчам аныкталып жатканын белгиледи.

Жолугушууда жеке ишкерлердин көйгөйлөрү да өзүнчө көңүл бурууга алынды. Жети-Өгүздө пансионат курууну пландаган ишкер жер тилкелерин 8–9 жыл аралыгында сатып алып, долбоорго 45 млн сомго жакын каражат жумшаганын, бирок курулуш кирпич заводунун коргоо тилкесине кирип калганын айткан. Мындай тоскоолдуктар ишкерчиликке багытында чоң жоготууларды алып келээрин сезген Президент, курулуш министрине маселени карап, чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Мына ушуга эле үндөш олтуттуу иштер туурасында Президент тиешелүү жетекчилерге көтөрүлгөн маселелерди дыкат карап чыгып, мыйзамдардын алкагында адилеттүү чечим кабыл алууну тапшырды.

Эми Президент тарабынан берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылары тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине жана алардын жоопкерчилигине байланыштуу болору анык. Жыл айланып, салтка айланган ажонун аймак аралаган бул сапарынын жүрүшүндө, кайрадан дал ушул эл тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр чечилбесе, анда айта турган сөз башка болот. Анткени, аймактардын өнүгүүсүнүн чыныгы көрсөткүчү курулган объектилердин саны же “курабыз, кылабыз” деген коендой окшош жооптордон улам билинбей, чыныгы көрсөткүчтөр элдин жашоо сапатына тийгизген реалдуу таасири менен өлчөнөт эмеспи.

Күнболот Момоконов

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X