Ысык-Көлдөн 1,2 чакырымдык балык уулоочу тор алынды
Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы рейд өтүп, 1,2 чакырымга жакын эски синтетикалык балык уулоочу тор алынды.
Рейд Жаркымбаев, Орукту жана Чоң Орукту айылдарынын аймагында жүргүзүлгөн. Ошондой эле көлдүн аймагынан 30 килограмм таштанды чогултулду.
Жарандар жаратылышты коргоого жана экологиялык талаптарды сактоого чакырылат.