Ысык-Көлдөн 70 суу үлгүсү алынып, сапаты текшерилди
Кыргызгидромет 2026-жылы Ысык-Көлдүн суусунун сапатын изилдөө үчүн 70 үлгү алды. Кеңейтилген гидрохимиялык мониторинг көлдүн абалын баалоо жана суунун курамындагы өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына ылайык, мониторинг жылына эки жолу — туристтик сезонго чейин жана андан кийин өткөрүлөт. Адистер көлдүн атайын белгиленген 17 көзөмөл пунктунан суу үлгүлөрүн алышат.
Изилдөөлөр бир нече күн бою «Мөлтүр» илимий-изилдөө кемесинин бортунда жүргүзүлөт. Суунун айрым көрсөткүчтөрү кемеде жана мобилдик гидрохимиялык лабораторияда аныкталса, калган анализдер Бишкек шаарындагы лабораторияда жасалат.
Мониторингдин жүрүшүндө суунун физикалык-химиялык курамы жана негизги сапаттык көрсөткүчтөрү изилденет. Чогултулган маалыматтар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын баалоого, андагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жана көлдүн жаратылыш ресурстарын коргоого жардам берет.