Ысык-Көлдөн 7,3 чакырым балык уулоочу тор жана 130 кг таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7,3 чакырымды түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Ошондой эле 130 килограмм тиричилик калдыгы тазаланды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейд көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатында өткөрүлдү.
Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын билдирди.