Ысык-Көлдү тазалоо: жыл башынан бери 539 тор чыгарылды
2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ошондой эле көлдүн акваториясынан 1,44 тонна ар кандай таштанды чогултулган. Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталган. Министрлик жарандарды көлдүн тазалыгын сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.