Ысык-Көлдүн ак байлыгы эрип баратат

30-июль, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 125

Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн аянты жылдан-жылга кыскарып жатат. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, акыркы 70–90 жыл аралыгында мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33,7 пайызга азайса, акыркы 7–10 жыл ичинде эле дагы 23,1 пайызга кыскарган.

Бул көрсөткүчтөр Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жаңыланган каталогун түзүү учурунда мурдагы маалыматтар менен жүргүзүлгөн салыштыруунун негизинде аныкталган.

Жаңы каталогдо мөңгүлөрдүн бирдиктүү инвентаризациясы жүргүзүлүп, алардын чек аралары кайрадан такталган. Ошондой эле морфометриялык көрсөткүчтөрү жана башка негизги маалыматтары жаңыланып, бөлүнүп кеткен, жаңы пайда болгон жана толугу менен жок болуп кеткен мөңгүлөр да катталган.

Изилдөөдө Copernicus программасынын Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрү, QGIS геомаалыматтык системасы жана Google Earth платформасы колдонулган.

Адистердин айтымында, жаңыланган каталог Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын туруктуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, мамлекеттик органдар, илимий мекемелер жана инженердик-долбоорлоо уюмдары үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп кызмат кылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X