Ысык-Көлдүн экологиялык абалы эл аралык илимий долбоордун алкагында изилденүүдө
2026-жылдын 11-июнунан тартып Ысык-Көлдө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окумуштуулары Германиянын Лейбниц атындагы Таза суу экологиясы жана балык чарбасы институтунун жана Эл аралык медициналык университеттин өкүлдөрү менен биргеликте көлдүн экосистемасын комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Белгилей кетсек, 2024-жылы өнөктөш мекемелердин демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл экологиялык лабораториясы» түзүлгөн. Аталган лаборатория көлдүн экологиялык абалын туруктуу көзөмөлдөөгө жана эл аралык деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
2025-жылы өнөктөш уюмдар Германиянын Илимий изилдөөлөр фондунун (DFG) грантын утуп алышып, Ысык-Көлдү комплекстүү изилдөөгө багытталган ири илимий долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Изилдөө иштерине катышуу үчүн Кыргызстанга Германиянын белгилүү окумуштуулары — профессор Ханс-Петер Гроссарт, профессор Георгий Кирилин жана илимий кызматкер Юлдузхан Абдуллаева келишкен.
Долбоордун алкагында учурда көл суусунун гидрофизикалык, гидрохимиялык, гидробиологиялык жана гидрооптикалык көрсөткүчтөрү изилденүүдө. Ошондой эле көлдүн экосистемасындагы микроорганизмдердин абалын аныктоо максатында биоматериалдардын ДНК жана РНК анализдери жүргүзүлүп жатат.

Алынган алдын ала жыйынтыктар климаттын өзгөрүшү Ысык-Көлдүн микроорганизмдер дүйнөсүнө жана жалпы экологиялык абалына таасир эте баштаганын көрсөтүүдө. Адистердин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыктары көлдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү илимий негизде баалоого, алардын себептерин аныктоого жана келечектеги экологиялык тобокелдиктерди алдын ала болжолдоого жардам берет.
КМТУнун Маалыматтык-эсептөө технологиялары кафедрасынын профессору Салмор Алымкуловдун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты — Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын учурдагы абалын ар тараптуу изилдеп, аны сактоо боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу.
Бул долбоор КМТУнун эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, экологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк илимий коомчулук менен биргеликте актуалдуу экологиялык маселелерди чечүүгө кошуп жаткан салымынын дагы бир көрүнүктүү мисалы болуп саналат.