Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө
Ысык-Көлдө суунун сапатына кезектеги тереңдик боюнча гидрохимиялык мониторинг башталды. Изилдөө иштерин 21–27-сентябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын адистери жүргүзүп жатат.
Адистер көлдүн белгиленген аймактарынан ар кандай тереңдиктерден суу үлгүлөрүн алып, алардын гидрохимиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоодо.
Мониторингдин негизги максаты — көлдүн учурдагы абалын так баалоо, суунун сапатындагы өзгөрүүлөрдү аныктоо жана экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында көзөмөлдөө.
Кыргызгидромет Ысык-Көлдө мындай мониторингди жылына эки жолу өткөрөт. Биринчи цикл туристтик сезон башталганга чейин жүргүзүлсө, экинчиси сезон аяктагандан кийин өткөрүлөт. Учурда күзгү байкоолордун экинчи цикли жүрүп жатат.
Алынган маалыматтар мурдагы байкоолордун жыйынтыктары менен салыштырылып, көлдөгү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө көз салууда колдонулат.
Ысык-Көлдүн абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү климаттын өзгөрүшү, антропогендик жүктөм жана туристтик активдүүлүк күчөп жаткан шартта өзгөчө мааниге ээ.
22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров да Ысык-Көлгө климаттык басым күчөп жатканын белгилеген. Анын айтымында, акыркы беш жылда көлдөгү суунун деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге чейин жеткен.
Мындан улам көлдүн суусунун сапатын жана абалын системалуу түрдө көзөмөлдөө улантылууда.
Мониторингдин жыйынтыктары мамлекеттик экологиялык мониторингдин алкагында пайдаланылат.