Юнусалиев көчөсү Кулатов көчөсүнө чейин узартылат
Бишкек шаарында Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин узартылат. Мэриянын маалыматы боюнча, жаңы тилкенин узундугу болжол менен 1 чакырымды түзөт.
Муниципалитеттин айтымында, унаа тыгындарын азайтуу максатында курулуш иштери жайкы каникул маалында, көчөлөрдөгү кыймыл азайганда, болжол менен эки жумадан кийин башталат.
Азыркы учурда Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнө келип токтойт жана андан ары түз өтүүчү жол жок. Жаңы узартуу түштүк багыттагы байланыштарды жакшыртып, ошол аймактагы транспорт агымын жеңилдетүүгө багытталган.