Юстиция министринин жаңы орун басары дайындалды

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Калматов Данияр Алпайизович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Данияр Калматов 1970-жылы туулган. Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында баштап, мамлекеттик кызматтын ар кандай кызмат орундарында 30 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ.

Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын аркалап келген.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X