Зайырбек Эргешов, эксперт: Атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо зарыл
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленип, өлкөдө бир катар ири иш-чаралар өттү. Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндары дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирсе, Бишкекте өткөн ШКУ саммити Кыргызстандын эл аралык күн тартибиндеги ордун дагы бир ирет көрсөттү. Эми майрамдык иш-чаралар артта калды. Алар өлкөгө кандай мурас калтырды, Кыргызстан дүйнөгө өзүн кандай көрсөтө алды жана алдыда кандай милдеттер турат? Ушул суроолордун тегерегинде эксперт Зайырбек Эргешов менен маектештик.
-Зайырбек мырза, 35 жылдык маараке артта калды. Эми майрамдык маанайдан чыгып караганда, эгемендүүлүктүн Кыргызстан үчүн чыныгы баалуулугу эмнеде?
— Эгемендүүлүктүн чыныгы баалуулугун майрамдык иш-чаралардын масштабы же мамлекеттик символдор менен гана өлчөөгө болбойт. Анын эң негизги мааниси — кыргыз элинин өз мамлекетинин келечегин өзү аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонунда. 35 жыл аралыгында Кыргызстан мамлекет катары калыптанды. Конституциясы, мамлекеттик институттары, улуттук валютасы бар, эл аралык коомчулукта өзүнүн ордун тапкан өлкөгө айланды. Албетте, бул жол жеңил болгон жок. Саясий өзгөрүүлөрдү, экономикалык кризистерди жана коомдук сыноолорду баштан өткөрдүк. Бирок, ушул сыноолордун баарына карабастан мамлекеттүүлүктү сактап калганыбыз — эгемендүүлүктүн эң чоң жетишкендиктеринин бири.
Ошол эле учурда 35 жылдык тарых бизге жетишкендиктер менен катар алдыда аткара турган милдеттерибизди да көрсөттү. Эми негизги суроо — кийинки 35 жылда кандай мамлекетти курабыз? Бул суроого жооп берүү үчүн экономикалык көз карандысыздыкты бекемдөө, билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана аймактардын өнүгүүсүнө кеңири шарт түзүү зарыл. Анткени эгемендүүлүк — жыл сайын белгилене турган жөн гана дата же майрам эмес. Эгемендүүлүктүн чыныгы маңызы мамлекеттин күнүмдүк ишинде, экономикасында, билим берүү системасында, мыйзамдуулукта жана ар бир жарандын жашоо сапатында көрүнүшү керек.
Тагыраагы, 35 жыл бизге мамлекет болуунун тарыхын берсе, кийинки 35 жыл мамлекетти сапаттуу өнүктүрүүнүн тарыхы болушу керек. Бүгүнкү милдет — эгемендүүлүктү сактап калуу менен гана чектелбестен, аны күчтүү экономикасы, адилеттүү мыйзамы, сапаттуу билими жана татыктуу жашоо шарттары бар мамлекет катары бекемдөө. Ошондо эгемендүүлүктүн чыныгы маңызы дагы даана ачылат.
— Акыркы жылдардагы өзгөрүүлөрдү эске алсак, Кыргызстан бул багытта кайсы иштерди алдыга жылдыра алды?
— Акыркы 5–6 жылда инфраструктура, энергетика, санариптештирүү жана мамлекеттик долбоорлор боюнча олуттуу иштер жүрдү. Жолдор, социалдык объектилер, энергетикалык кубаттуулуктар жаңыланууда. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле мамлекеттик кызматтардын санариптешүүсү да маанилүү өзгөрүү болду. Бирок бул процесстердин баары акырында адамдын жашоосун жакшыртууга кызмат кылышы керек.
Мисалы, экономиканын өсүшү жөнөкөй үй-бүлөнүн кирешесинен, жаңы жумуш орундарынан көрүнүшү зарыл. Жол курулса, ал аймактагы ишкердикке шарт түзүлүшү керек. Энергетикалык объект курулса, өндүрүштүн өсүшүнө түрткү бериши керек. Демек, кийинки этапта сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык натыйжага өтүү маанилүү.
— Юбилейлик жылда Көчмөндөр оюндары да өттү. Арадан убакыт өткөн соң бул иш-чаранын маанисин кандай баалайсыз?
— Көчмөндөр оюндарынын мааниси оюндар аяктаганда эле токтоп калбашы керек. Анын эң чоң жетишкендиги Кыргызстан өзүнүн тарыхын жана маданиятын дүйнөгө түз көрсөтө алды. Көк бөрү, кыргыз күрөшү, ат оюндары, жаа атуу, бүркүт салуу — булар жөн гана улуттук спорттун түрү эмес. Алардын артында кыргыз элинин жашоо философиясы, жаратылыш менен мамилеси, эрдик жана намыс түшүнүгү турат. Тагыраагы, көчмөндөр оюндары улттук оюндарыбызды, кыргыз маданиятын музейден чыгарып, жандуу көрүнүш катары дүйнөгө алып чыкты десек болот.
Эми ушул кызыгууну туруктуу маданий жана туристтик продуктыга айландыруу зарыл. Кырчын жайлоосу, Ысык-Көл, улуттук спорт, кол өнөрчүлүк, ашкана — мунун баары бирдиктүү туристтик бренддин бөлүгү боло алат.
— Ал эми Бишкекте өткөн ШКУ саммити Кыргызстандын эл аралык аброюна кандай таасир берди?
— ШКУ саммити Кыргызстан үчүн саясий жана дипломатиялык жактан маанилүү окуя болду. Ири мамлекеттердин лидерлеринин жана делегациялардын Бишкекке келиши өлкөнүн эл аралык көрүнүктүүлүгүн арттырды. Бирок, мен үчүн анын мааниси биринчи кезекте кийинки натыйжасында. Саммиттин алкагында талкууланган соода, транспорт, энергетика, инвестиция жана технологиялык кызматташтык боюнча мүмкүнчүлүктөр реалдуу долбоорлорго айланышы керек. Башкача айтканда, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өлкөнүн имиджин гана жакшыртып тим болбостон, экономикасына да иштеши зарыл.
— Көчмөндөр оюндары менен ШКУ саммитин карасак, бири маданиятты, экинчиси дипломатияны көрсөттү. Экөөнүн Кыргызстан үчүн жалпы сабагы эмнеде?
— Менимче, жалпы сабагы — Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө көрсөтө аларын далилдеди. Бирок, көрсөтүү биринчи кадам гана. Экинчи, андан да маанилүү кадам ошол мүмкүнчүлүктөрдү системалуу пайдалануу. Биздин тарыхыбыз бар, маданиятыбыз бар, жаратылыш ресурстарыбыз, географиялык артыкчылыктарыбыз бар. Бирок, мунун баары экономикалык жана социалдык артыкчылыкка айланышы үчүн туура саясат, сапаттуу кадр жана туруктуу институттар керек.
Чынайым Кутманалиева