Зайырбек Эргешов: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы — эл аралык саясаттагы тарыхый бурулуш

Эксперт Зайырбек Эргешов менен Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы тууралуу баарлашып, бул чечимдин мааниси жана күтүлгөн натыйжалары боюнча пикирин уктук.

-Зайырбек Жолчуевич,  Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы өлкөгө  кандай саясий, дипломатиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат?

— Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы мамлекеттин көз карандысыздык мезгилиндеги эң ири дипломатиялык жетишкендиктеринин бири десек болот. Анткени Коопсуздук Кеңеши дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча эң маанилүү чечимдер кабыл алынган орган болуп эсептелет. Анын курамына кирүү Кыргызстанга эл аралык саясаттагы ролун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет жана өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркынын өсүшүнө шарт түзөт.

Саясий жактан алганда, Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздук маселелерин талкуулоого түздөн-түз катышып, өз позициясын эл аралык коомчулукка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Өлкө эл аралык мамилелерде жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөш катары таанылып, тышкы саясаттагы салмагы жогорулайт. Ошону менен бирге мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын дүйнөлүк деңгээлде коргоого шарт түзүлөт.

Дипломатиялык жактан Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери менен кызматташтыгын кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Коопсуздук Кеңешинин алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр өлкөнүн дипломатиялык корпусунун тажрыйбасын арттырып, кыргыз дипломатиясынын эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт. Мындан тышкары, мамлекеттин көп тараптуу дипломатиядагы ролу бекемделет.

Экономикалык жактан алганда, эл аралык инвесторлор жана финансылык институттар өлкөгө көбүрөөк ишеним менен карай башташат. Себеби Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болгон өлкө дүйнөлүк саясаттагы туруктуу жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары кабыл алынат. Натыйжада инвестициялардын көлөмү өсүп, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн  ачылышына  шарттар түзүлөт.

-Бул мүчөлүк Кыргызстандын эл аралык аброюн жана дүйнөлүк коомчулуктагы кадыр-баркын канчалык деңгээлде көтөрөт деп ойлойсуз?

— Коопсуздук Кеңешине шайлануу мамлекеттин эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланганын билдирет. Мындай мүчөлүккө жетүү үчүн өлкө көп жылдык дипломатиялык иштерди жүргүзүп, көптөгөн мамлекеттердин колдоосуна ээ болушунун натыйжасы деп айтсак болот. Демек, шайлануунун өзү эле Кыргызстандын тышкы саясаттагы ийгилигинин көрсөткүчү болуп саналат.

Эл аралык абройдун өсүшү биринчи кезекте мамлекеттин саясий беделинин жогорулашына алып келет. Кыргызстан дүйнөлүк маселелер боюнча пикир билдирген мамлекеттердин катарына кирет. Эл аралык конференцияларда, саммиттерде жана сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн үнү мурдагыдан дагы көбүрөөк угулат. Ошондой эле бул мамлекеттин  кадырын көтөрөт, салмагын күчөтөт. Кыскасы, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги оң образы калыптанат.

— Коопсуздук Кеңешиндеги орун Кыргызстанга дүйнөлүк саясаттагы чечимдерге жана эл аралык коопсуздук маселелерине таасир этүүгө кандай мүмкүнчүлүк берет?

— БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү вето укугуна ээ болбогону менен, дүйнөлүк коопсуздук маселелери боюнча чечим кабыл алуу процессинин толук кандуу катышат.

Кыргызстан үчүн бул дүйнөлүк саясаттагы актуалдуу маселелер боюнча өз көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, эл аралык терроризм, экстремизм, куралдуу жаңжалдар, качкындар маселеси жана гуманитардык кризистер сыяктуу көйгөйлөр боюнча позициясын ачык көрсөтө алат. Ошондой эле  Кыргызстан эл аралык коопсуздук түшүнүгүн кеңейтүү демилгесин көтөрө алат. Бүгүнкү күндө коопсуздук аскердик гана эмес, суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу, климаттык өзгөрүү жана энергетикалык туруктуулук менен да байланыштуу экенин дүйнө таанууда. Кыргызстан бул багыттагы маселелерди Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине чыгарууга аракеттене алат. Бул өлкөнү дүйнөлүк саясаттын пассивдүү байкоочусунан активдүү катышуучусуна айлантат.

— Кыргызстандын шайланышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык аренадагы ролуна жана региондун үнүн дүйнөлүк деңгээлде жеткирүүгө кандай таасир тийгизет?

— Кыргызстандын шайланышы жалпы Борбор Азия үчүн чоң дипломатиялык жетишкендик болуп эсептелет. Себеби аймактын көйгөйлөрү жана кызыкчылыктары дүйнөлүк деңгээлде мурдагыдан да көбүрөөк талкуулана баштайт. Борбор Азия стратегиялык жактан маанилүү аймак болуп саналат. Бул жерде ири энергетикалык ресурстар, транзиттик коридорлор жана маанилүү геосаясий байланыштар жайгашкан. Ошол эле учурда аймак климаттык өзгөрүү, суу тартыштыгы жана коопсуздук маселелери сыяктуу чакырыктарга туш болуп келет. Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде отуруп, аймактагы мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарын эл аралык коомчулукка жеткире алат. Бул региондун үнүн күчөтүп, Борбор Азияны дүйнөлүк саясаттагы маанилүү оюнчу катары көрсөтүүгө жардам берет. Ошону менен бирге региондук кызматташтык дагы бекемделет.

— Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде суу, энергетика, климаттык өзгөрүү, чек ара коопсуздугу жана регионалдык кызматташтык маселелерин көтөрө алабы? Бул аймак үчүн кандай артыкчылыктарды берет?

— Кыргызстандын эң чоң артыкчылыктарынын бири  Борбор Азиядагы негизги көйгөйлөрдү дүйнөлүк деңгээлде көтөрүү мүмкүнчүлүгү. Биринчи кезекте суу ресурстары маселеси өзгөчө маанилүү, анткени региондун өнүгүүсү түздөн-түз сууга байланыштуу. Кыргызстан суу башаттары жайгашкан өлкө катары бул маселени эл аралык күн тартибине чыгарууга кызыкдар.

Экинчи маселе климаттык өзгөрүү. Кыргызстандын мөңгүлөрү  азайып жатат, бул келечекте суу коопсуздугуна жана экологиялык туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратат. Бул маселени көтөрүү эл аралык колдоону тартууга шарт түзөт.

Үчүнчүдөн, чек ара коопсуздугу жана терроризмге каршы күрөш маселеси турат. Бул багыттагы чакырыктар глобалдык коопсуздук менен түз байланышкан. Ошондуктан эл аралык кызматташтык күчөп, кошумча инвестициялар  келиши мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X