Зайырбек ЭРГЕШОВ, эксперт: «ДИНИЙ САБАТТУУЛУК РАДИКАЛДУУ АГЫМДАРДЫН АЛДЫН АЛАТ»

Кыргызстан Конституция боюнча светтик мамлекет. Бирок, коомдо диндин ролу күчөп, бул маселе улам талкууга түшүп келет. Светтик принцип эмнени билдирет? Дин менен саясаттын чек арасы кандай болушу керек? Радикалдашуунун алдын алуу үчүн кандай иштер зарыл? Бул тууралуу дин боюнча эксперт Зайырбек Эргешов менен маектештик.

— Кыргызстанда мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо менен диндин коомдук турмуштагы ордун кантип жөнгө салууга болот?

— Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-апрелде кабыл алынган Конституциясынын 1-беренесинде Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз, укуктук, демократиялык, социалдык жана светтик мамлекет деп көрсөтүлгөн. Ал эми 9-берененин экинчи бөлүгүндө Кыргызстанда бир дагы дин мамлекеттик болуп эсептелбейт деп жазылган. Светтик принциптин негизги маңызы – мамлекет бардык диндерге бирдей мамиле кылат дегенди билдирет. Башкача айтканда, мамлекет бир динди колдоп, башкаларын четке какпайт. Баарына калыс жана нейтралдуу мамиле кылат. Ошол эле учурда дин мамлекетти башкарууга аралашпайт. Бирок жарандардын дин тутуу эркиндигине толук кепилдик берет.

Айрым адамдар “светтик мамлекет” деген түшүнүктү туура эмес кабыл алып, динге каршы саясат катары түшүнүп, совет доорундагы атеисттик саясат менен салыштырып карашат. Совет мезгилинде динге катуу тыюу салынып, молдолор, поптор куугунтукка алынган. Медреселер бузулуп, диний билим берүү дээрлик токтоп калган. 1943-жылы Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Ташкентте Орто Азия мусулмандарынын дин башкармалыгы түзүлүп, ислам институту ачылган. Бирок, ал мезгилде да дин чектелген шартта гана жашап келген. 1989-жылдан кийин гана динге карата саясат өзгөрүп, медреселер ачылып, муфтият түзүлдү. Бирок башында бул процесс бир аз баш аламан жүргөн. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча 1996-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча 10 адам биригип диний уюм түзө алат деп жазылгандыктан, көптөгөн түрдүү салттуу эмес деп эсептелген (Ислам, Христиан дининдеги) диний багыттар көп келе баштаган. Андан кийин бул мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, 2008-жылдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча мыйзамдын редакциясы кабыл алынган. 2014-жылы жана 2021-жылдары кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Концепцияларынын жардамы менен бул тармак акырындык менен тартипке келтирилүүдө.

— Мамлекеттик саясатта диний радикалдашуунун алдын алуу үчүн кандай укуктук жана идеологиялык механизмдер керек?

— Биринчи кезекте укуктук база бекем болушу керек. Бизде бул жагынан Конституция жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам бар. Диний уюмдардын бардыгы каттоодон өтүп, өзүнүн уставынын негизинде иш алып барат. Идеологиялык жактан алганда Кыргызстан көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет. Ислам дини менен катар православдык чиркөөлөр, католиктер, буддисттер жана башка диний жамааттар бар. Баары мыйзамдын алкагында иш жүргүзөт. Ошондуктан радикалдашуунун алдын алуу үчүн мыйзамдык тартип менен бирге коомдо түшүндүрүү иштерин да күчөтүү зарыл.

— Светтик мамлекетте дин эркиндигин сактоо менен саясий процесстерге диний таасирди азайтуунун жолу барбы?

— Светтик мамлекетте дин менен саясаттын ортосунда так чек болушу керек. Жарандар кайсы динди карманбасын, өзүнүн диний жөрөлгөлөрүн эркин аткарат. Бул алардын конституциялык укугу. Бирок мыйзам боюнча диний үгүт-насаат иштерин диний жайларда жүргүзүү керек. Коомдук жайларда же көчөлөрдө адамдарды мажбурлап динге чакыруу туура эмес. Саясий процесстерге келгенде да мыйзамда так көрсөтүлгөндөй диний ишмерлер саясий үгүт иштерине катыша албайт. Эгер саясатка аралашууну кааласа, анда алгач диний кызматын токтотуп, жарандык позицияда иш алып барышы керек. Бул – светтик мамлекеттин негизги принциптеринин бири.

— Кыргызстанда укуктук жана диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мамлекет кандай системалуу иштерди жүргүзүшү керек?

— Бул багытта акыркы жылдары бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. 2014–2021-жылдары кабыл алынган концепцияда диний билим берүү маселеси да каралган. Биринчи кезекте жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, дин тутуу боюнча мыйзамды элге түшүндүрүү үчүн жер-жерлерде окутууларды өткөрүү зарыл. Ошондой эле медреселерде диний сабактар менен катар светтик билим берүү да болушу керек. Математика, физика, химия, тил сыяктуу предметтер окутулса, жаштардын дүйнө таанымы, акыл казынасы кеңейет. Мына ушундай жагдайларды эске алып, бүгүнкү күндө медреселерди реформалоо маселеси да көтөрүлүп жатат. Айрымдарын колледж системасына өткөрүү, окуу программаларын жаңылоону сунушташууда. Мунун баары билимдин сапатын жогорулатууга жардам берет деп ойлойм. Маселен, мектептерде “Дин маданиятынын тарыхы” предметинин киргизилиши да маанилүү кадам болду. Айтайын дегеним, балдар билимдүү болсо, радикалдуу агымдардын таасирине аз кабылышат.

— Салттуу баалуулуктар менен айрым диний агымдардын ортосундагы карама-каршылыктарды азайтуу үчүн кандай диалог механизмдер керек?

— 2016-жылы Кыргызстанда диндер аралык ынтымакты бекемдөө боюнча кеңеш түзүлгөн. Ага ар кандай диний уюмдардын өкүлдөрү кирген. Ошондон бери жолугушуулар, талкуулар өткөрүлүп келет. Эң башкысы – коомдо бири-бирин жектеген бөлүнүү болбошу керек. “Теңирчилер”, “арапкулдар” деген сыяктуу бөлүнүүлөр коомго пайда алып келбейт. Айтайын дегеним, биз баарыбыз Кыргыз Республикасынын жарандарыбыз. Кайсы динди кармансак да, Конституция алдындагы укугубуз бирдей. Ошондуктан тутунган динибизге карабай коомдук ынтымакты сактоо – баарыбыздын милдетибиз.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X