Закир Айдралиев, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Башкармалыгынын орун басары: Камсыздандыруу – жарандардын коопсуздугун коргоонун кепилдиги

7-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 237

Акыркы жылдары Кыргызстанда табигый кырсыктардын саны көбөйүп, сел, жер титирөө, катуу шамал жана өрттөн улам жүздөгөн үй-бүлөлөр олуттуу чыгымга учурап келет. Мындай шартта камсыздандыруу жарандардын мүлкүн сактоонун гана эмес, күтүлбөгөн кырдаалда финансылык туруктуулукту камсыздоонун ишенимдүү механизми болуп калды. Өлкөдө турак жайларды камсыздандыруу боюнча көрсөткүч акыркы үч жылда бир нече эсеге өсүп, бүгүнкү күндө 30%га жетти. Автоунааларды камсыздандыруу тармагында да өсүү байкалууда. Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Башкармалыгынын орун басары Закир Айдралиев республика боюнча иш алып барган сегиз филиалдын ишин координациялап, авариялык комиссарлардын кызматын уюштуруу, камсыздандыруу окуяларын өз убагында кароо жана төлөмдөрдүн мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө милдетин аткарат. Закир мырза менен камсыздандыруу тармагындагы соңку өзгөрүүлөр, мыйзамдагы жаңылыктар, жарандар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана камсыздандыруунун артыкчылыктары тууралуу маектештик.

– Закир Токтобекович, Кыргызстандагы камсыздандыруу рыногунун бүгүнкү абалы кандай?
– Азыр өлкөдө 20га жакын камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. Алардын 19у жеке менчик болсо, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун акциялары толугу менен мамлекетке таандык жана Президенттин Иш башкармалыгынын карамагында иш жүргүзөт.
2015-жылы турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынып, 2016-жылдан тартып мамлекеттик камсыздандыруу системасы иштей баштаган. Анын негизги максаты – табигый кырсыктардан жабыркаган жарандардын материалдык чыгымын азайтуу жана мамлекеттин социалдык жүгүн жеңилдетүү. Мурда кырсык болгондо мамлекет атайын чечим кабыл алып, бюджеттен жардам көрсөтчү. Азыр дүйнөлүк практикада көрсөткөндөй камсыздандыруу механизми бизде да акырындык менен калыптанып жатат. Бүгүнкү күндө турак жайдан тышкары камсыздандыруунун 29 ыктыярдуу түрү сунушталат. Ошондой эле
ОСАГО, жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги жана кооптуу өндүрүш объектилерин камсыздандыруу сыяктуу милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү да иштеп жатат.

– Акыркы жылдары камсыздандырылган турак жайлардын саны өзгөрдүбү?
– Бул багытта абдан жакшы өсүш бар. Мен кызматка келген учурда камсыздандырылган турак жайлардын үлүшү 11%дын тегерегинде болсо, 2022-жылы болгону 8%ды түзгөн. Азыр өлкөдө катталган 1 миллион 200 миң турак жайдын 400 миңге жакыны камсыздандырылып, камтуу деңгээли 30%га жетти. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 40–50%га чыгарууну максат кылып жатабыз.

Автоунааларды камсыздандырууда да жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. Республикадагы 1 миллион 700 миңге жакын автоунаанын 65%ы камсыздандырылган. Анын 25%ы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна, калган бөлүгү жеке компанияларга туура келет.

– Жарандар камсыздандырууну кандай жолдор менен ала алышат?
– Бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүлөр толугу менен жеткиликтүү. Камсыздандырууну филиалдардан, райондук агенттерден, «Кыргыз почтасы», Кадастр кызматы, «А Банк», «Элдик Банк», MBank, Optima Bank аркылуу алууга болот. Ошондой эле MegaPay, «Түндүк» мамлекеттик порталы жана биздин онлайн платформалар аркылуу ИНН номерин киргизип, үйдөн чыкпай эле турак жайын же автоунаасын камсыздандырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

– Турак жайын камсыздандырбаган жарандарга айып пул каралганбы?
– Жок. Мыйзамда милдеттүү деп көрсөтүлгөнү менен учурда камсыздандырбаган жарандарга айып пул салынбайт, же кандайдыр бир чаралар көрүлбөйт. Биз негизинен түшүндүрүү иштерине басым жасап, элдин ишенимин арттырууга аракет кылып жатабыз. Акыркы үч жылдан бери жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып келебиз. Дүйнө жүзүндө табигый кырсыктардын саны көбөйүп жаткандыктан, адамдар камсыздандыруунун чыныгы маани-маңызын барган сайын жакшыраак түшүнө баштады.

– Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү кандай болуп жатат?
– Бул көрсөткүчтөр жарандардын ишеними артканын даана көрсөтүп турат. Эгер 2023-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 27 миллион сом болсо, 2024-жылы 69 миллион сомго, 2025-жылы 146 миллион сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын алты айында эле 439 миллион сом төлөндү. Мындай өсүш акыркы жылдары табигый кырсыктардын көбөйүшү менен байланыштуу. Нарындагы жер титирөө, Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы сел, Ысык-Көлдөгү суу ташкыны сыяктуу окуялардан кийин камсыздандыруунун зарылдыгы даана байкалууда. Белгилей кетчү жагдай, мыйзам боюнча камсыздандыруудан түшкөн каражат башка максаттарга жумшалбайт. Ал кайра эле камсыздандыруу төлөмдөрүнө багытталат. Башкача айтканда, бул система киреше табуу үчүн эмес, жарандардын чыгымын жеңилдетүү үчүн иштейт.

– Кайсы учурларда камсыздандыруу төлөнүп берилет?
– Сел, жер титирөө, катуу шамал, өрт сыяктуу мыйзамда көрсөтүлгөн камсыздандыруу окуялары катталганда төлөм жүргүзүлөт. Маселен, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашса, жер титирөө 6 баллдан жогору болсо же электр зымдарынын кыска туташуусунан өрт чыкса, мыйзамга ылайык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлөт. Бул үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусу талап кылынат.

– Ал эми кандай учурда төлөм жүргүзүлбөйт?
– Эгер өрт мас абалында этиятсыздык менен же коопсуздук эрежелерин одоно бузуу кесепетинен келип чыкса, камсыздандыруу төлөнбөйт. ОСАГО боюнча да айдоочу мас абалында болсо же мыйзамды одоно бузганы аныкталса, төлөм жүргүзүлбөйт.

– ОСАГОнун негизги артыкчылыгы эмнеде?
– ОСАГОнун эң башкы артыкчылыгы – ал автоунааны эмес, айдоочунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырат. Башкача айтканда, айдоочу жол-транспорт кырсыгына күнөөлүү болуп, үчүнчү жактын авто-унаасына, мүлкүнө же ден соолугуна зыян келтирген учурда келтирилген чыгым мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандыруу аркылуу төлөнөт. Бул айдоочуну күтүлбөгөн чоң чыгымдардан коргоп, жабыркаган тарапка өз убагында компенсация алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эгер жол кырсыгынан бир нече автоунаа жабыркаса, алардын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жалпы 450 миң сомго чейин камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлөт. Ал эми адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилген учурда, анын ичинде каза болгон учурларда, мыйзамда белгиленген өлчөмдө камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнөт.

Ошондуктан ОСАГО – бул мыйзамдын талабын аткаруу гана эмес, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын укугун жана кызыкчылыгын коргогон маанилүү социалдык механизм. Ал жол кырсыгынан кийин жаралган каржылык талаш-тартыштарды азайтып, жабыркаган тараптын чыгымын өз убагында жабууга жардам берет.

– Өзүнүн автоунаасын да камсыздандырууга болобу?
– Албетте. Бул үчүн КАСКО камсыздандыруусу каралган. Жакында биз заманбап талаптарга ылайык иштелип чыккан «КАСКО Экстра» аттуу жаңы камсыздандыруу продуктусун ишке киргиздик. Анын негизги артыкчылыгы – айдоочу жол кырсыгына кабылган учурда же башка күтүлбөгөн жагдайлардан улам өзүнүн автоунаасына келтирилген чыгымды камсыздандыра алат. Бул продукт кардарларга автоунаасын оңдоого кеткен олуттуу чыгымдарды азайтууга, күтүлбөгөн финансылык жоготуулардын алдын алууга жана өзүн ишенимдүү сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча бүгүнкү күндө автоунааларды оңдоонун жана запастык бөлүктөрдүн баасы өсүп жаткан шартта КАСКО камсыздандыруусу айдоочулар үчүн маанилүү финансылык коргонуу куралы болуп саналат. Биз жарандарга камсыздандыруунун түрлөрүн көбөйтүү менен гана чектелбестен, алардын муктаждыгына жооп берген жеткиликтүү жана ишенимдүү кызматтарды сунуштоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

– Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу айтып берсеңиз.
– Азыр жарандардын кызыкчылыгын кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөр сунушталууда. Алар кабыл алынса, камсыздандыруу төлөнө турган жер титирөөнүн босогосу 6 баллдан 5 баллга чейин, ал эми катуу шамалдын көрсөткүчү секундасына 25 метрден 18 метрге чейин төмөндөтүлөт. Бул камсыздандырууну дагы кеңейтет.

– Жарандарга кандай кайрылуу жасайт элеңиз?
– Камсыздандырууну кошумча чыгым эмес, үй-бүлөнүн эртеңки коопсуздугуна жасалган инвестиция катары кабыл алуу зарыл. Анткени, табигый кырсыктар, өрт, сел же башка күтүлбөгөн жагдайлар эч кимге алдын ала эскертип келбейт. Мындай учурларда камсыздандыруу жарандардын материалдык жоготууларын азайтып, үй-бүлөнүн финансылык туруктуулугун сактоого жардам берет.

Айыл жеринде турак жайды бир жылга камсыздандыруунун баасы болгону 600 сомду түзөт. Бул бир жылдык коргоо үчүн абдан эле жеткиликтүү сумма. Ал эми күтүлбөгөн кырсык катталса, жаран 500 миң сомго чейин камсыздандыруу төлөмүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Башкача айтканда, аз өлчөмдөгү төлөм келечекте чоң чыгымдын ордун жабууга өбөлгө түзөт.

Биздин негизги максат – каражат чогултуу эмес, оор кырдаалга кабылган жарандарды өз убагында колдоп, алардын чыгымын жеңилдетүү. Камсыздандыруу системасы адамдардын жашоосун жеңилдетип, күтүлбөгөн кырсыктардын кесепеттерин азайтууга кызмат кылат. Ошондуктан калк арасында камсыздандыруу маданиятын калыптандыруу, анын артыкчылыктарын кеңири түшүндүрүү жана жарандардын бул кызматка болгон ишенимин арттыруу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Маектешкен Бактыгүл Кулатаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X