"Эркин-Тоо"

Заманбап реформаларды Каныбек Иманалиевден күтөбүз

Эми билим берүү тармагында чындап жаңы багытта реформалар жүрчүдөй болуп турат. Мамлекет жетекчилиги билим берүүнүн советтик системасынан чыгып, заманбап өзгөрүүлөрдү жасай алат деп Каныбек Иманалиевге ишеним көргөзгөнү жакшы иш болду. Президентибиз Садыр Жапаров, мамлекеттин кызыкчылыгы дегенде “айттың дедиң” деген майда сөз кеп эместигин далилдеди.

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Каныбек Иманалиевди министрликке дайындоого макулдук берүү маселесин караганда билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча алгылыктуу жаңы бир ойлорду, сунуштарды айткандын ордуна парламентти сөз териштирүүнүн аянтчасына айлантып жибере жаздашпадыбы. Мамлекеттин жогорку жетекчилиги жөн адамга ишеним кыла бербейт. Азыр маанисиз майда сөздөр менен майдаланып отурчу учур эмес. Андан көрө Каныбек Иманалиев айтып жаткан билим берүү тармагында жасалчу реформаларга саресеп салбайлыбы, ыя. А акыйкатта Каныбек Иманалиев окутуу программалары, ыкмалары, мугалимдин кадырын көтөрүү багытында жаңы ой, жаңы багыттарды айтып, бул тармакты жаңы сапаттарга көтөрүүгө чоң ички даярдыгы менен келгенин көрсөттү. Эң эле кыска убакыттын ичинде тармакты толук иликтеп чыкканга үлгүрүптүр. Берилген суроолорго шакылдап жооп берип жатканын көрдүк.

Жаңы министр айткандай эле бизде лидердик сапат, сын ой жүгүртүү, дискуссия кыла билүүгө үйрөткөн предметтер дегеле жок, а бүт дүйнө азыр ушуну окуп жатат. Биздин балдар болсо баягыдай эле аныктама, теоремаларды жаттап отурат. Жаңы министр айткандай, дүйнөдө эң керектүү 10 кесип болсо, биздин окуу жайлардын бири да ал кесиптер боюнча кадр даярдап чыгарбайт экен. Канча убакыттан бери билим берүү тармагына реформа дейбиз, эгерде балдарыбызга заман талап кылган билимди бербесек анда эмнеси реформа? Кечээ жакында биздин бир коллегабыз микрофонун көтөрүп алып билим берүүдө ушундан башка проблема жок калгансып мектептин эшиктерезеси чаң, эмнеге министрликке эл келсе кире албайт деп ызы-чуу салып, жаңы министрге ат көтөргүс дооматтарын койду. Биз деги министрди иштетебизби?.. Эгерде каалаган киши эле министрдин эшигин түртүп кирип келе берсе министр келген адамдарды тосуп, узатып эле отуруп калат го. Чындыгында министр учуру келгенде кабинетинде камалып отурчулардан эмес. Ал эл аралап, элдин көйгөй-каалоосун угуп жүргөн адам. 2005-жылкы революциядан кийинки мезгилде парламенттик шайлоодо Бишкектин бир мандаттуу округунан ишенимдүү түрдө жеңишке жетишип, депутат болуп шайланышы ага элдин берген баасы болчу. Жаңы министр бир тармакты эмес, бүтүндөй мамлекеттик маселелерди чечүүгө катышып калган кезинде да бой көтөрүү дегенди билбеген нанжапыс адам экенин көпчүлүк билет.

Каныбек Иманалиев саясатчы гана эмес тунук акылы, терең интеллекти, оргуштаган чыгармачыл дүйнөсү, жалындуу сөздөрү жана жаркыраган идеялары, эмгекчилдиги менен жамы журтка таанылган адам. Андыктан билим берүү тармагына жаңычыл, абалды өзгөртүүгө жөндөмдүү адам келди деп айтсак болот. Эми убакыт берип, ишинин жыйынтыгын күтө турбайлыбы, кыйкымчылдык кыла бербей…

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№17 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!