Замир Искаков, Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын башкы директору: Былтыркы жылга салыштырмалуу ийгиликтерибиз арбын
Замир Идырысович, 18 жылдык эмгек тажрыйбаңыз такшалуу мектеби эле эмес, жетишкендиктердин жемиштүү жолу болду десек, ак сөз. Жетекчилик сереңиз байсалдуу уланууда. Кечээги менен бүгүнкү мезгил ыргактарын салыштырсак, чынында жол тармагындагы айтууга татыктуу иштер көңүл сергитет. Сиздин пикириңиз бизди кызыктырат, сөз Сизде…
Албетте, мен аралаша баштаган жол тармагындагы алгачкы учурларда кемчиликтер көп болду. Мамлекеттик деңгээлде көңүл жеткиликтүү бурулбай, каржы маселесинин тартыштыгынан жол куруу жаатында ойдогудай ийгиликтер жаралбады. Жол оңдоо, куруу иштери кечеңдеди. Бир жакшы жери кийинки мезгилде жол тармагы болуп көрбөгөндөй жанданууда. Себеби, мамлекеттик деңгээлде маани берилип, экономикабыздын күрөө тамырына жаңы дем, күч бериле баштады. Учурдан пайдаланып Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун көрөгөчтүгүнө таң берип кетмекчимин, азыркы шарт-жагдайыбыз, жалпы абалыбыз мурда болуп көрбөгөндөй көкөлөөдө. Кемчиликтерди четтете баштадык.
Алыс барбай былтыркы жыл менен быйылкы жылдын 6 айлык натыйжаларына токтолуп кетейин. Бизде 34 жол тейлөө ишканалары бар. Өз күчүбүз менен титутулдук тизмедеги иш планыбыздын алкагында иш алып барып, быйыл жалпы 186 чакырым жолго асфальт төшөдүк. Атап кетсем тоолуу Нарын облусунда 20 чакырым, Талас облусунда 26 чакырым, Ысык-Көл облусунда 40 чакырым, Чүй облусу боюнча 100 чакырым, ток этери титулдук эсеп менен 186 чакырым жол жаркырады. Ал эми мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен Чүй облусунда 40 чакырым, Нарын облусунда 22 чакырым, Талас облусунда 80 чакырым, Ысык-Көл облусунда 65 чакырым жол салынды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырсак 52 чакырым жол көп курулду. Ошону менен бирге «Мамлекеттик капиталдык» беренесине ушул жылдын курулуш сезонунда 125 чакырым асфальт бетон катмар төшөлдү. Айрыкча Чүй жаны Ысык-Көл облусунун жолчулары мактоого татыктуу иштерди илгерилетишип жатышат. Кандай алкыш айтсак да аларга жарашат.
– Президентибиздин түздөн-түз тапшырмасы менен бардык облус, район, шаарларда эл менен жолугушуулар болуп өттү. Эл жол боюнча арбын армандарын айтышты. Демек, жолчуларга болгон элдин үмүтү акталар бекен?
– Албетте, акталат. Жалпы 34 миң чакырым жолубуз бар. Мындан 19 миң чакырымы министрлигибизге таандык. 4,2 миң чакырымы эл аралык жол болуп саналат. Мамлекеттик мааниде 5,6 миң чакырым жана жергиликтүү мааниде 9 миң чакырым жолубуз бар. Анын ичинен 7,2 миң чакырымы катуу катмарлуу (5,0 асфальт катмар жана 2,2 кара шагыл катмар), калган жолдорубуз шагыл менен төшөлгөн.
Кийинки жылдарда жолго болгон мамиле абдан жакшырды. Өзүбүздүн күчүбүз менен жол оңдоп, асфальт басууда жол мекемелерибиздин тажрыйбасы өсүүдө. Мурунку жылдарга караганда каржы тартыштыгы кыскарууда. Мамлекеттик бюджеттен колдоо өзгөчө жол курууга көмөгүн берүүдө.
– Жол оңдоого жана курууга абдан зарыл материалдар менен жабдыган өндүрүштүк ишканаларыңыздарда толук мүмкүнчүлүктөр барбы?
– Жалпы 12 даана асфальт-бетон жана бетон заводдорубуз жана битум сактоочу ишканаларыбыз жеңилибизди жерден, оорубузду жондон алууда. Эгерде камсыздоо жагынан зарыл болуп калса жеке ишкерлер менен кызматташууга туура келет. Эң башкысы жол салуу жана куруу иштерибиз токтоого тийиш эмес.
– Кемчиликтердин сап башында материалдык-техникалык базалардын начардыгы турар эле. Азыр абалыңыздар жакшырдыбы?
– Акыркы 3 жыл заманбап техникалар менен жабдуунун жылы болду десек, туура болот. Жолчулар ак кар, көк музда ашуулар жана башка ыңгайсыз жайларда техникалардын жетишсиздигинен кол күчү менен күрөктөп кар күрөп, айтор кыйналган учурларыбыз көп болгон. Шүгүр дейли учурда заманбап техникалар менен бардык жол тейлөө ишканаларыбыз камсыз болгон. Заманбап техникалар менен камсыздоо мындан ары да улана берет. Жолчулардын мээнети текке кетпейт.
– Замир Идырысович, жолчулардын эмгек акысынын аздыгынан улам кадр жагынан тартыштык болуп келген. Маянаңар тууралуу жакшы кабар барбы?
– Аталган маселенин бышып-жетилгени качан? Учурда бул маселе чечилип жатат. Жолчулардын катарын жаштар толуктай баштайт. Жол куруучулардын тилеги орундалат.
– Келечек максаттарыңыз кандай?
– Биринчи кезекте кадрдык потенциалды чыңдоого айрыкча көңүл бурууга тийишпиз. Мыкты кадрларсыз алыс узай албайбыз.Эң башкы максаттарыбыздын сап башы албетте, материалдык-техникалык базаларды чыңдоо. Мына ушундай кадамдар менен утурлап олтурсак, албетте элдин жол боюнча айткан армандары кыскарат.
Айчүрөк Макешова