Замира Джумагулова: Жаш кадрларды айлыктын аздыгынан кызматка тартуу кыйын

19-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 148

Архивдик документтерсиз мамлекеттин, элдин жана улуттун тарыхы жок. Жылдар өтөт, муун алмашат. Ал эми өткөн доор тарых катары архив документтеринде сакталат. Сактоодо турган ар бир фактынын улам убакыт өткөн сайын баалуулугу артып, мааниси тереңдей берет. Элдин эл экенин даңазалап, тарыхын сактап, ата-бабалардын бай мурасын бүгүнкү күнгө жеткирип, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү аракетинде талыкпай иш алып барып жаткан тармак – архив кызматы. Мына ушул мамлекеттик архив кызматы быйыл өзүнүн 100 жылдыгын белгилейт. 1926-жылы уюштурулган мекеме алгачкы тарыхый документтерди сактоо иштерин баштаган. Учурда мекеменин фондунда сакталган документтерде миңдеген баалуу тарыхый иш  кагаздар жатат. Мааракени утурлай биз КРнын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин директору Замира Джумагулова менен баарлашып, суроолорубузга жооп алдык.

 -Замира Санчибековна, мамлекеттик архив кызматына быйыл 100 жыл толуптур. Айтканга оңой болгону менен бир кылымдык убакыт эмеспи, бул жылдар аралыгында архив кызматы кандай жолду басып өттү?

— Жалпы мамлекеттин архивинин тарыхынан баштасам, кыргыз жергесине совет бийлиги орноп, 1926-жылы 30-августта ошол кездеги Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу бийлиги «Кыргыз автономдуу облусунда архив ишин уюштуруу тууралуу» токтом кабыл алган. Ошол күндү коомчулук архив ишинин түптөлгөн күнү катары расмий белгилеп келет. 1926-жылы Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу комитетине караштуу “Архив бюросу” уюштурулган. Анда болгону эки адам гана эмгектенген. 1938-жылы Кыргызстандагы архив мекемелеринин саны 45ке жетип, Кыргыз ССР НКВДнын карамагына өткөрүлгөн. 1960-жылы Кыргыз  ССР Министрлер Советине караштуу “Архив бөлүмү” болуп кайра түзүлгөн.  Мамлекетибиз эгемендик алган 1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Башкы архив башкармалыгы” болуп түзүлгөн. Аталыштары бир топ өзгөрсө да, негизги милдети – элибиздин тарыхы болгон архивдик материалдарды чогултуп, аларды сапаттуу сактап, көөнөрбөс мурас катары келечек муундарга өткөрүп берүү милдети өзгөрүүсүз кала берет. Биздин архивде 600 000ге жакын сактоо бирдиги бар. Компартиянын Киробкомунун жана жаштар уюмунун, Борбордук Комитетинин Коммунисттер партиясынын жана Кыргызстан жаштар Союзунун, Уездик-шаардык, окружкомдордун, кантондун, волостун, облустук, шаардык, райондук комитеттердин жана саясий башкаруунун, фракциялардын, ячейкалардын, баштапкы уюмдардын, партия жана комсомол мекемелеринин, партиялык мектептердин, газета жана журнал басмаканаларынын, институт жана кесиптик уюмдардын, Ленин музейинин жана башка фонддор сакталат. Бул документтерде жетекчиликтери жүргүзгөн иш-чаралар, айыл чарбасындагы, экономикадагы, илимий, маданий жана искусство тармактарында каралган олуттуу маселелерди камтыган иш кагаздары жатат.

— Кадр маселеси кандай, дегеле кандай бөлүмдөр, канча кызматкер эмгектенет?

— Архивист кызматынын мааниси өтө жогору экендиги талашсыз чындык. Мамлекеттик маанидеги тарыхый, уникалдуу архивдик түрдүү материалдарды мурастагандан тышкары өлкөбүздүн ар бир жаранынын басып өткөн жолу, анын кызматы архивде калат. Архив кызматы – тарыхый мурастарды көздүн карегиндей сактап, кыраакылыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган өтө жооптуу кызмат. Биздин кызматкерлер ошондой кыйынчылыктарды жана жооптуу иштерди аткарып, талыкпай эмгектенип келишет. Биздин мекемеде беш бөлүм бар. Документтердин эсебин алуу жана сакталышын камсыздоо бөлүмү, Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмү, Илимий-маалымдагыч бөлүмү,  Документтерди топтоо жана мекемелер менен иш алып баруу бөлүмү, Суроо-талаптарды аткаруу бөлүмү жана илимий-маалымдоо китепканабыз, келген изилдөөчүлөргө окуу залыбыз бар.  Кадр маселесин карасак, Совет өкмөтү тараганда архивдин тагдыры өтө оор абалга келген. Каржылоо азайып, кызматкерлер кескин кыскарган. Убакыттын өтүшү менен иш өз нугуна түшүп, бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенип жатабыз. Кызматкерлер талапка ылайык көбү тарых жана гуманитардык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү. Бирок, жаш кадрларды айлыктын аздыгынан кызматка тартуу кыйынга турат.

  Имараттын жана кагаз документтердин түп нускаларынын сакталышы талапка жооп береби?

—  КРнын Социалдык-саясий документтердин борбордук мамлекеттик архиви (КР ССДБМА) 1977-жылы Советтик республикалардагы партиялык архивдер үчүн каралган типтүү долбоордун негизинде курулуп, анын долбоордук сыйымдуулугу 900 000 сактоо бирдигин түзгөн. Бул республикада документтерди сактоо талаптарына ылайык атайын курулган жалгыз архивдик имарат. Техникалык жабдуулар, өрт өчүрүү жана кайтаруу, абанын нымдуулугун бир калыпта сактоо тартиби, лифти бар жайда иштеп келе жатканбыз. Бирок, азыркы мезгилде замандын талабы болгон жаӊы жабдуулар, имаратты оӊдоп-түзөө иштери абдан керек болгондугуна байланыштуу жарым кылымга жакындаган сантехникалык түтүктөрүн, жылуулук системасын, имараттын чатырын, терезелерин, дубалдарын алмаштыруу зарыл болуп келген. Курулгандан бери бир гана жолу (2007-жылы) косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, биз 2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына архивибизде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча расмий кайрылуу жөнөткөнбүз.  Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана протоколдук тапшырмага ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү, 477 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имаратта капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Архивдин сактоосундагы документтердин абалы атайын температуралык 17-19 С0 градус, нымдуулук 50-55%, тике тийген жарык нурлардан, өрт коопсуздугунан, санитардык-гигиеналык, күзөт режимдери менен атайын сакталат. Буюрса архивдин оӊдоп-түзөө иштери бүтсө, жаш муундарга тарыхты сактоо архив ишинен башталарын көрсөтүү иретинде “Архивке ачык эшик” күнүн өткөрүүнү пландап жатабыз. Кудайга шүгүр, мурункуга караганда мамлекет тарабынан жакшы эле жардамдарды алып жатабыз. Бирок, дагы да оргтехникаларды жаӊылоо, программист кадрларын тартуу иштери жаӊыланса жакшы болмок.

—  Электрондоштуруу менен сактоодогу документтердин өмүрүн узартат эмеспи, дегеле ушул санариптештирүү иши сиздерде кандай ишке ашууда?

— Туура айтасыз, сактоодогу документтердин алды 100 жылдан ашып баратат. Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы биз тез арада санариптештирүүгө өтүүбүз зарыл. Бул жаатта жасалган иштер жаман эмес.  Буюрса документтердин бардыгын электрондоштуруп алсак, чынында документтердин өмүрү дагы көп жылдарга узармак. Архив өз милдетин жана кызматын аткарууда автоматташтырылган маалыматтык технологияны колдонот. Талапка ылайык келген компьютер, сканер аппараттары, атайын базалык программалар менен документтерди санариптештирүү иши жүрүп жатат. Илимий-маалымдоо бөлүмү бул ишти берилген норма боюнча аткарууда. Документтер толук электрондук базага жана сканерден өткөндөн кийин биздин кызматты колдонгусу келгендерге абдан ыңгайлуу болуп калат.

— Өзүңүз туурасында айта кетсеңиз, канча жылдан бери аталган тармакта эмгектенип келесиз?

—  Мен 2001–2005-жылдары Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Тарых жана мамлекеттик муниципалдык администрациялык башкаруу» адистигин бүтүргөм. Архив кызматынын босогосун 20 жыл мурун аттап, КР Борбордук мамлекеттик архивинде методист, башкы архивист, директордун орун басары кызматтарында иштедим. Азыркы иштеп жаткан мекемеге 2011-жылы директордун орун басары болуп кирип, 2016-жылдан баштап директорлук кызматта үзгүлтүксүз жыйырма жылдан бери архив тармагында келе жатам.  Беш илимий эмгектерим жарык көргөн. Иштеген кызматым үчүн мамлекет тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын алдындагы Архив агенттигинин «Архив ишинин отличниги», КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын «Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын отличниги» сыйлыктары менен сыйлангам.                                                                                        Учурдан пайдаланып, архив кызматынын 100 жылдыгына карата бардык архив кызматкерлерин куттуктайм! Талыкпаган эмгекти талап кылган, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жаткан жалпы эмгек жамаатымдын, кесиптештеримдин иштерине ийгилик каалайм! Өздөрүнө чың ден соолук, түйшүктүү иштерине сабырдуулук, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана бакыт тилейм!

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 

19-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 148
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X