Замира Молдошева өлкөдөгү өзгөрүүлөргө суктанып, видео бөлүштү

30-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 202

Замира Молдошева Instagram баракчасына өлкөдө акыркы убакта болуп жаткан өзгөрүүлөргө суктанганын билдирген видео жарыялады.

Ал шаарлардын көрктөнүп, жаңы имараттар жана объекттер курулуп, жолдор оңдолуп, айлана-чөйрө кооздолуп жатканын белгиледи.

«Биздин мамлекетибиздин өсүп-өнүгүп жатканына абдан сүйүнөм. Ар бир патриот адам өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кубанып, колдоо көрсөтүшү керек деп ойлойм», — деди Молдошева.

Ошондой эле ал жарандарды шаарды таза кармоого, таштандыны туш келди таштабоого чакырып, кыргыз тилин өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.

«Балдарыбызды кыргыз тилинде сүйлөөгө, эне тилибизди сүйүүгө үйрөтүшүбүз керек. Кыргыз тилин өнүктүрүп, аны кийинки муунга татыктуу өткөрүп берсек, экономикасы өнүккөн, шаары көрктүү гана эмес, улуттук баалуулуктарын сактаган мыкты мамлекет болобуз», — деп кошумчалады ал.

30-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 202
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X