Замирбек Осмонов, коомдук ишмер: Түз сүйлөшүү – элдин жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө
Кезегинде мамлекеттик салык кызматын, ага удаа экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын жетектеген Замирбек Бабакулович бүгүн да коомдук, саясий турмуштан четте калбай, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө карата ар убак үн кошуп, адилеттүү пикирин билдирип келет. Жакында Президент Садыр Жапаровдун түштүк жергесине болгон сапарынын жүрүшүн маектешим гезит окурмандары үчүн чечмелеп берди.
— Замирбек Бабакулович, жакында Президент Садыр Нургожоевич өлкөбүздүн Ош, Баткен аймактарын кыдырып, жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн жеринде тыңдап келди. Айтыңызчы, бул сапардын жүрүшүн кандайча чечмелээр элеңиз?
— Менин оюмча, Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берип жатканы — мамлекеттик башкаруудагы абдан туура жана маанилүү ыкма. Баш мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы — эл. Ошондуктан, мамлекет башчысынын эл менен түздөн-түз баарлашуусу, жарандардын көйгөйлөрүн, талаптарын, сунуштарын өз ооздорунан угушу өзгөчө мааниге ээ. Анткени, өлкөдөгү жалпы кырдаалды расмий маалыматтардан билүүгө болот, бирок, ар бир аймактын эли эмнеге муктаж экенин, күнүмдүк турмушта кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын жеринде угуу — таптакыр башка нерсе. Мындай жолугушуулардын дагы бир маанилүү жагы — жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү. Район башчылары менен шаар мэрлеринин аткарылган иштери жана алдыдагы пландары боюнча отчет бериши, андан кийин президенттин жарандардын суроолоруна жооп бериши мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланышты бекемдейт. Эң негизгиси, көтөрүлгөн маселелер жөн гана угулуп калбастан, алардын чечилиши көзөмөлгө алынып, жыйынтыгы элге жеткирилиши керек. Президенттин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуп жатканы жана жыл сайын Элдик курултайга жеке катышып, жарандардын үнүн угушу эл менен түз диалог жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын көрсөтөт. Бул — элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган аракеттердин маанилүү бөлүгү. Ошол эле учурда мындай жолугушуулардын чыныгы натыйжасы көтөрүлгөн маселелердин канчалык деңгээлде чечилгени менен бааланууга тийиш. Элдин ишенимин бекемдеген нерсе — көйгөйдү угуу гана эмес, аны чечүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жана берилген убадалардын аткарылышын камсыз кылуу.
— Президенттин эл менен иштешүүсүнүн мындай формасы сиздин купулуңузга толдубу?
— Жалпысынан, мен мындай ыкманы колдойм. Анткени, элге кызмат кылуу — бул иш бөлмөдө отуруп, чечим кабыл алуу менен гана чектелбейт. Бул — элдин арасында болуу, анын үнүн угуу, көйгөйлөрүн түшүнүү жана аларды чечүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу. Мамлекеттик башкаруунун негизги максаты да дал ушунда — элдин жашоосун жакшыртуу жана жарандардын мамлекетке болгон ишенимин бекемдөө.
Калыгул Бейшекеев